Ооганстандын түштүгүндөгү Жалалабад шаарында бүгүн бомба жарылып, үч адам өлдү. Ага жоопкерчиликти Талибан кыймылы өзүнө алды жана талибдердин басма сөз өкүлү Абдул Латиф Хакиминин "Ройтерс" маалымат агенттигине айтканына караганда, мындай аракеттер менен алар сентябрга дайындалган шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат. Бомба - шайлоочуларды каттоого алган кызматкерлер түшүп бараткан автобуста жарылган, 17 адам жараат алды, алардын көбүнүн абалы оор.