Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали кызматынан чегинди. Ал тууралуу Сенаттын мүчөсү Мухаммед ал-Дурани билдирди. Байкоочулардын айтымында, премьер менен президент Первез Мушарраф ортосундагы мамиле акыркы мезгилде начарлап кеткен. Бүгүн Жамали президент Мушарраф менен жолукту жана жаңы премьер болот деп бийликтеги партия жетекчиси Гаудри Шуджат менен соода министри Хумаюн Хандын ысымдары аталууда.