Ирландиянын борбору Дублин шаарында бүгүн Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу өтүүдө, ага АКШ президенти Жорж Буш дагы катышты. Жыйында Ирак, Жакынкы Чыгыш жана Ооганстандагы абал, андан тышкары эл аралык терроризмге каршы күрөш менен дүйнөлүк соода маселелери талкууланып, Ирактын жаңы өкмөтүнө колдоо көрсөтүлдү жана НАТО уюму Ирак аскерлерин машыктырууга даяр деп билдирилди. Буш кечээ күнү Дублинге учуп келгенде, шаар көчөлөрүнө миңдеген адам чыгып, америкалык саясатка каршылык билдирген.