Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ысыккөлдө семинар аяктады


КАРАКОЛ. Чолпоната шаарында Оденаур-Каунтерпарт коомдук фондунун каржылык колдоосу менен эки күндүк семинар өттү. Ал "Саясий партиялар жана демократия" деген тема менен өтүп, ага Ысыккөл, Нарын жана Талас облустарынын регионалдык саясий партияларынын, юстиция министрлигинин, ошондой эле, шайлоо комиссияларынын жер-жерлердеги өкүлдөрү катышты. "Асаба" кайра жаралуу саясий партиясынын Ысыккөл облусттук бөлүмүнүн лидери Канимет Жакыпбектегиндин айтымында, семинарда Кыргыз республикасынын Шайлоо кодекси талкуууланып, саясий партиялардын жер-жердеги лидерлердин көпчүлүгү алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоонун адилет өтүшү тууралуу өз пикирлерин билдиришти. "Шайлоочулардын добушун болоор-болбос материалдык кызыкчылыктар менен сатып алууга жол бербөө талабын белгилешти", дейт Канимет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG