БИШКЕК. 29-30-июнда Бишкекте Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башкы банктарынын жетекчилеринин кеңешинин онунчу жыйыны болот. Анда ЕврАзЭСтин алкагында борбордук банктардын ишмердүүлүгү, финансылык отчеттуулукка эл аралык стандартты киргизүү маселеси талкууланат. Ал эми Кеңештин ишинин жыйынтыгы боюнча Белорус, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын башкы банктарынын делегацияларынын жетекчилери маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан жекшембиде кабарлашты.