Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Коммунисттердин пленуму өттү


БИШКЕК. 26-июнда Бишкекте Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттик партиясынын пленуму болуп, анда партиянын уюштуруу иштери каралды. Ажыбекованын бүгүнкү маалымдоосу боюнча, пленумдун жүрүшүндө Абсамат Масалиев жетектеген экинчи бир коммунисттер партиясы менен биригүү маселеси көтөрүлүп, анын натыйжасында ал партиянын Жалалабад облустук бөлүмүнүн жетекчиси Сейиткасым Момунжанов баш болгон мүчөлөр Ажыбекованын партиясына өттү. Бирок Абсамат Масалиев жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү Исхак Масалиевдин жекшембидеги маалымдоосуна караганда, Сейиткасым Момунжановдун Ажыбекованын партиясына өтүүсү эле жалпы жалалабаддык коммунисттердин ал тарапка өткөнүн билдирбейт.

XS
SM
MD
LG