Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Монголиянын калкы да бүгүн добуш берүүгө катышты


Ал жерде шайлоо участкалары жабылды. Быйылкы парламенттик шайлоодо Монголиянын калк революциячыл партиясы добуштардын көпчүлүгүн жыйнап, Улуу Хуралда же параламентте көпчүлүктү түзөт деп күтүлүүдө. Шайлоочулардын бири Доктор аттуу аял добуш берүү жөнүндө ою менен бөлүштү:

- (Оппозициядагы) демократтар жакшы иштеп жатышат. Алар жаш жана кудуреттү. Бирок революциячыл партия жөнүндө жалаң жаман нерсе айта албайм. Кыскасы, эки партияда тең акылдуу адамдар бар. Алардын эң мыктылары парламентке шайланат деп үмүттөнөм. Жаңы өкмөткө акылдуу кишилер кирсе өлкө үчүн жакшы болоор эле.

2 жарым миллиондуу өлкөдө 1990-жылы коммунисттик режим кулагандан бери 5 ирет шайлоо өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG