Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү шайлоочу-аялдарды каттоону уланта берүүгө үндөдү


Кечээ Жалалабад шаарында добуш берүүчүлөрдү каттоо иштерине тартылган оогандык аялдар бараткан автобус жардырылган эле. Талиптерге жан тарткан күчтөр уюштурган бул карасанатайлыктын натыйжасында 2 аял набыт болду. Дагы 12 аял жарадар болду, алардын үчөө жана бир бала оор абалда.

Талиптердин жактоочулары соңку кол салуу башкалар үчүн эскертүү болду деп билдиришти. Согушкерлер шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн бүлгүн-бүлүк иштерин уланта берүүгө убада кылышты.

XS
SM
MD
LG