Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Ирактын Хилла шаарында эки бомба жарылды


АКШнын Ирактагы аскерлери билдиргендей, бүгүн Багдаддагы “жашыл зона” же башкача айтканда коалициянын баш кеңсеси ракетадан аткыланды. Курман же жарадар болгондордун саны, имаратка келтирилген зыян жөнүндө маалыматтар азырынча айтыла элек.

Кечээ кечинде болсо баш калаанын жанындагы Хилла шаарчасында эки бомба жарылып, такталган санактарга ылайык, 23 киши мерт кетти, 58и жаракат алды. Жабыркагандардын көпчүлүгү аскерий эмес адамдар экени маалымдалууда. Буга чейин жергиликтүү оорукананын хирургу Ал-Фаллужи курман болгондордун саны 40ка жетти деп айткан эле:

- Бизге көп сандагы, 40ка жакын жарадар киши алынып келди. Алардын ичинде балдар, аялдар, жаш жигиттер жана абышкалар да бар. Мен жарадар болгондордун арасында бир дагы полициячыны же аскерий униформа кийген адамды көргөн жокмун. Өлгөндөрдүн саны 40ка жетти.

XS
SM
MD
LG