Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

НАТОнун баш катчысы уюмдун Ирактагы ролу жөнүндө маалымат берди


Баш катчы Яап де Хооп Схеффер Стамбулда кабарчыларга билдиргендей, НАТО Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктыруу иштерине тартылышы мүмкүн. Схеффер Ирактын убактылуу өкмөтүнүн каты эртең Стамбулда баштала турган НАТОнун саммити учурунда каралат деп билдирди:

- Премьер-министр Аллавинин өтүнүчүнө НАТО лидерлери Стамбулда жооп беришет деп ишенем. Өкмөт башчы Аллави өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн машыктырууда жардам сурап, НАТОго кайрылган эле. Альянстын Брюсселдеги элчилери бул маселе боюнча алдын ала макулдашууга жетишкенин өтө маанилүү деп эсептейм.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд дагы Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу жана керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу планы жактырылат деген ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG