Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Валдас Адамкус кайрадан Литванын президенти болуп шайланды


Ал буга чейин мамлекет башчысынын кызматын 1998-2003-жылдары ээлеген. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, кезексиз өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 77 жаштагы В. Адамкусту добуш берүүгө катышкандардын 52%дан ашууну колдогон. Ал эми анын атандашы, мурдагы премьер- министр Казимира Прунскене 47,8% добуш алды. Добуш берүүгө болсо шайлоочулардын 50%дайы катышкан. Литвада кезексиз шайлоо өткөрүү зарылдыгы быйыл апрелде парламент президент Роландас Паксаска импичмент жарыялап, отставкага кетирген соң пайда болгон.

XS
SM
MD
LG