Сербиянын Демократиялык партиясынын лидери Борис Тадичти баштапкы маалыматтарга караганда, кечээги шайлоодо добуш берүүгө келгендердин 53%ы колдоду. Тадичтин атаандашы, ашынган улутчул Радикалдык партиянын өкүлү Томислав Николич жеңилгенин моюнга алды. Аны добуш бергендердин 45%ы колдогон. Добуш берүүнүн экинчи айлампасына шайлоочулардын 48%ы катышты. Сербия буга чейин президенти үч ирээт шайлай албай койгон. Ушундан кийин шайлоо жарактуу деп табылыш үчүн шайлоочулардын кеминде 50%нын катышуусу талап кылынган норма мыйзамдан алынып салынган болчу.