Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

АКШ армиясы Иракта жоокери жоголгонун ырастады


Бирок АКШ армиясы жоголгон жоокер барымтада экенин ырастай албасын билдирди. АКШ армиясынын билдирүүсү алдында "ал-Жазира" телеканалы согушкерлер көзү таңылган, аскерий кийимчен адамды кармап турганы тартылган видеотасманы көргөзгөн. Анда өзүлөрүн "Ислам каршылык көргөзүү кыймылы" деп атаган топ эгер АКШ баштаган коалициянын түрмөсүндөгү ирактыктар бошотулбаса, барымтадагы америкалык аскердин башы алынаарын эскертишти. Мурдараак согушкерлердин башка бир тобу камактагы ирактыктар үч күндүн ичинде бошотулбаса, америкалык фирмада иштеген пакистандык жумушчунун башы алынаарын билдиришкен болчу. Туткундалган адам түшүрүлгөн видеотасманы "ал–Аравия" телеканалы көргөзгөн.

XS
SM
MD
LG