ОШ. 21-27-июнь күндөрү Ош облус аймагында тогуз ири жол кырсыгы катталды. Алардын эң ириси: Ош-Өзгөн жолунун үчүнчү чакырымында КамАЗ жүк ташуучу автомашина менен КВЗ жүргүнчүлөрдү ташуучу автобусу кагышып, Куршабка бара жаткан автоунаада бир адам жан таслим болгон. Он бир адам жаракат алып, алардын ичинен сегизи азыркы убакта облустук ооруканада дарыланып жатат. Кырсыктардын көбү эл аралык үлгүдө учурда кайра салына баштаган Ош-Өзгөн жолунда болууда. Бир жак тарабы таптакыр казылып ташталган жолдо кээ бирөөнө жол бергиси келбей, жөөлөшө кетүүлөрдөн автомашиналар катуу кагышып, адам өмүрлөрүнө забын болуп жатат. Ош ички иштер башкармалыгы ар бир отуз чакырым аралыкка бирден МАИ инспекторун күзөткө коюуну туура көрүүдө.