Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Монтана штаты Нарында тазалыкты сактоого жардам берет


НАРЫН. 30 жылдан бери шаардын четиндеги 4,5 гектар жерге шаардан чыккан таштанды төгүлүп келе жатат. Таштандынын калыңдыгы 2,5 метрден 4 метрге чейин жетти. Мындай жагдайды жөнгө салууга АКШнын Монтана штатынын Грейтфолд шаары жардам берүүдө. Эми эки шаар ортосундагы достук алаканын чегиндеги аракеттердин негизинде таштандынын үстүнө 10-15 сантиметр топурак төгүлүп, айланасы бетондолуп, кароолчу коюлуп, таштандылар ирети менен төгүлө баштайт. Ал үчүн америкалыктар 5 миң доллар бөлүп жатышат, андан сырткары 10 миң долларга таштанды чыгаруучу тиехникаларды сатып бермей болушту. Бул тууралуу «Жубар» тазалык ишканасынын жетекчиси Кубан Өмүрзаков маалымдады.

XS
SM
MD
LG