Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Өкмөт: диний экстремизм жайылууда


БИШКЕК. Бүгүн премьер министр Николай Танаевдин төрагалыгы менен өкмөттүн жыйыны болду. Анда Чегара кызматын өнүктүрүү, диний экстремизмге каршы күрөш жана каржы министрлиги менен билим берүү министрлигинин кызматташуусуна байланыштуу маселени кароо белгиленген. Чегара кызматынын төрагасы жыйынга келбегендигине байланыштуу диний экстремизмге байланышкан маселе гана каралды. Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков «Хизб-ут-тахрир» уюму өз ишмердүүлүгүн өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө жайылта баштагынын белгилеп, ага каршы биргелешип күрөшүүгө бардык бийлик органдарын, коомчулукту чакырды. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов тыюу салынган партия кандайча каржыланып жаткандыгын ачууга жасалган аракеттер жөнүндө маалымат берди.

XS
SM
MD
LG