Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Эл өкүлдөрү Муралиевдин кызматын кайра карайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны бүгүнкү отурумунда Экономика, өнөр жай жана тышкы соода министрининин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиевди кызматка бекитүү-бекитпөө маселесин кайра кароону күн тартибине киргизди. Президенттин сунушуна ылайык парламент Муралиевдин талапкерлигин жазгы сессияда карап, бирок, колдогон эмес.
Ушул эле күнкү чечимге ылайык парламент Эл аралык байланыш министринин милдетин аткаруучу Бекболот Шаболотовдун талапкердигин да карамакчы. Мыйзам боюнча Эл аралык байланыш министри өкмөттүн структурасына кирбейт.

XS
SM
MD
LG