БИШКЕК. Эртең Чолпонатада байланыш тармагындагы регионалдык кызматтыштыкка кирген өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин 31-кезектеги отуруму ишин баштайт. Ага Россия, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова баш болгон КМШ мамлекеттеринин транспорт жана байланыш министрлери, Балтика өлкөлөрүнүн аталган тармактар боюнча өкүлдөрү жана Франциядан, Африка өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Отурумда КМШ алкагы боюнча байланыш тармагындагы урунттуу маселелер талкууланып, отурумдун акырында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. КМШ өлкөлөрүнүн транспорт жана байланыш министрлеринин Чолпоната отуруму төрт күндөн кийин ишин жыйынтыктайт. Кеңештин 30-отуруму былтыр Молдовада өткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлигинин коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.