Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Агахан Нарында универститеттин пайдубалын орнотот


БИШКЕК. 7-июлда Кыргызстанга Агахан өнүктүрүү уюмунун негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү исмаилиттердин башчысы Агахан келери күтүлүп жатат. Ал иш сапарынын учурунда Нарында курулуучу Борбор Азия университетининин пайдубалын түптөө иш чарасына катышат. Мындан тышкары Ысыккөл, Ош облустарында болот. Бул тууралуу Агахандын демилгеси менен негизделип жаткан Кыргызстандагы Борбор Азия университетинин иш башкаруучусу Асан Токтогулов маалымдады. Анын айтымында, аталган университет Нарын шаарына чукул жайгашкан Аккыя аймагында 200 гектар чамалаш жерди ээлеп, анын тутумунда студенттик шаарча салынат. Курулуш 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттү камтыйт. Ушундай эле окуу жай жана студенттик шаарча Казакстанда жана Тажикстанда бир тармак катары курулмакчы. Буга байланыштуу Агахан фонду менен өкмөттөрдүн ортосунда макулдашууларга кол коюлуп, ал парламенттерде ратификацияланган.

XS
SM
MD
LG