БИШКЕК. АКШнын Ирактагы администрациясы бийликти бул өлкөнүн өкмөтүнө өткөрүп бергендигине байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү билдирүү менен чыгат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Лира Сабырова бүгүн билдирди. Ал эми өлкөдөгү саясий ишмерлер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Ирак өкмөтүнө бийликтин өткөрүлүп берилишин оң баалашууда. «Демократия жана жарандык коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов бул кадамды туура деп, ал эми Ирак калкынын демократиялык мамлекет куруусуна, чет өлкөлүк аскерлердин өлкөдөн жакын арада чыгарылышына тилектеш экенин маалымдады. Кыргызстан муфтийи Муратаалы ажы Жуманов Ирактын эгемендүү болушун кубаттап, ар бир өлкөнүн эркин болушуна тилектеш экенин билдирди.