Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Эл Өкүлдөрү «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алышты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окулушунда талкуулап, кабыл алды. Талкуу учурунда долбоордун өкмөт курамын бекитүүгө жана өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө байланышкан эки беренеси талаш жаратты. Депутаттар өкмөт курамын жалпы тизме менен бекитүүнү кепилдөөчү 7-беренеге каршы болуп, өкмөт мүчөлөрүн бирден бекитүүнү жакташты. Долбоорду Эл өкүлдөр жыйыны эми Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуш кылат. Конституциялык мыйзам болгондуктан, бул долбоорду эки палата эки окулушунда кабыл алынгандан кийин президентке кол коюуга сунушташы керек.

XS
SM
MD
LG