Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Парламент «Кыргызэнергону» менчиктештирүү программасын күзгө калтырды


БИШКЕК. «Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын төртүнчү этабын ишке киргизүү тууралуу токтом долбоорун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны колдогон жок. Парламентте маалымат берген мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, эки жыл мурда түзүлгөн макулдашуу комиссиясынынын иш жыйынтыгы боюнча даярдалган бул маселе колдоо тапса, өкмөт энергетика тармагын мамлекеттен ажыратып, чет өлкөлүк инвесторлорго концессиялык башкарууга берүү камылгасын көрмөк. Бул иш «Северэлектро» ишканасын убактылуу башкарууга берүүдөн башталмак. Тендерге катышууга Канадалык фирма жана РАО ЕЭС өзүнүн кызыкдар экенин билдиришүүдө. Бирок, депутаттар «Кыргызэнергону» менчиктештирүүнүн төртүнчү этабына киришүүгө даярдык жетишсиз деген негиздеме менен маселени күзгө калтырды.

XS
SM
MD
LG