Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Дүйнөлүк мурастар жөнүндө жыйын Кытайда


Дүйнө жүзүндөгү маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун жыйыны Кытайда өз ишин баштады. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк Мурас боюнча комиссиясы дүйнө жүзүндөгү жоголуу алдында турган мурастардын тизмесин жаңылаганы турат. Бээжиндеги жыйында бул тизмеге дагы 48 маданий мурас кириши күтүлүүдө. Мындай маданий мурастарга талап- тоноо, өндүрүш, туризм жана башка жагдайлар коркунуч келтирүүдө. Бир жумалык эл аралык конференция Кытайдын Сучжоу шаарында болуп жатат. Серепчилердин баамында, Кытайдагы көптөгөн баалуу мурастар дагы туристтердин тынбаган агымынан улам коркунучка кептелүүдө.

XS
SM
MD
LG