Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Багдадда чет элдиктер барымтада


Ирактын түштүгүндө болгон жардырууда британиялык бир жоокер набыт болду. Ушул күндөрү Иракта согушчандардын колунда бир нече чет элдик - АКШнын деңиз жоокери, үч түрк жана бир пакистандык барымтада жатат. “Ал- Жазира” телеканалы согушчандардын колундагы америкалык жоокерди көрсөттү. АКШ куралдуу күчтөрү билдиргенге караганда, Васиф Али Хасун (Wassef Ali Hassoun) 21- июндан бери дайынсыз жоголуп аткан. “Ал- Арабия” (Al-Arabiya) телеканалы согушчандардын башка бир тобунун Пакистан бийлигине койгон талабын жарыя кылды. Эгер ирактык туткундар бошотулбаса, пакистандык атуулдун башы алынмак. Андан көп өтпөй коалициялык күчтөр менен кызматташканын Түркия 72 сааттын ичинде токтотпосо, үч түрк тең өлтүрүлөрү маалым болду. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги согушчандардын ултиматуму аткарылбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG