Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Газадагы чабуулдар


Газадагы палестиндик аскерлер Израилдин түштүк аймагын ракета менен аткылады. Изрилдик бир адам жана үч жаштагы бала набыт болду. Здерот шаарчасындагы бала бакча бутага алынган бул жардырууда 12 адам жарадар болгон. Израилдин премьер - министри дароо өкмөттүк жыйын чакырды. Анда палестиндердин чабуулуна кандайча жооп кайтаруу талкууланып жатты. Аңгыча Газа тараптан дагы чабуул жасалды. Израил аскерлеринин чек ара посту жардырылып, бир аскер набыт болуп, бешөө жарадар болду. Бул жардырууну “Хамас” жана “ал- Аксы азапчылары” согушчан топтору моюнга алышты. Аларга Израилдин аскерий учактары Газа тилкесине абадан ок жаадыруу менен жооп кайтарышты. Палестин тараптын жабырлангандары жөнүндө азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG