Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

Иракка суверендик берилишин мусулман өлкөлөр да кубаттады


Германия, Франция, Италия, Жапан,Орусия, Кытай жана башка дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер бүгүнкү Иракка суверенитет кайтарылышын кубаттап чыгышты. Бул окуя Иракта демократия жана бейпилдик орнотууга ташталган кадам катары бааланды. Ирактын коңшулары болгон мусулман мамлекеттер- Иордания, Иран, Кувейт, Түркия жана Индонезия дагы бул окуяны колдорун билдиришти. Кувейт “жаңы доордун башталышы” катары бааласа, Иран менен Иордания “ушуну менен Американын баскынчылыгынын күнү бүтүп, бийлик Ирактын өз колуна тиет” деп үмүттөнөрүн билдиришкен. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министри Александр Яковенко орус бийлиги Ирактан жардамын эч качан аябай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG