Мохамед эл-Барадейи менен Владимир Путиндин Москвадагы жолугушуусунда Орусиянын массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышына каршы күрөштөгү ролу, Ирандын, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан проблемалар талкууланмакчы. Мунун алдында эл - Барадейи МАГАТЭ Орусиянын Сибир чөлкөмүндө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн чогултулуучу өзөктүк калдыктар сактала турган алгачкы жайды курулушун колдоорун билдирди. Ал эми МАГАТЭнин инспекторлору бүгүн Ирандын өзөктүк жайларын текшерүүнү улантамакчы. Ушул айдын башында уюмдун Директорлор кеңеши Иранды инспекторлор менен жетиштүү кызматташпаганы үчүн сынга алган.