Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Израилдин тик учактары Газа секторуна сокку урду


Бул жолку аба чабуулу кечээ Израилдин Сдерот шаары ракетадан аткыланышына жооп ирээтинде жасалгандай. Андан эки адам, анын ичинде бир жаш бала каза тапкан эле жана ал үчүн "Хамас" уюму жоопкер болгон. Тик учактар жергиликтүү маалымат каражаттарынын редакциялары жайгашкан имаратка жана ок–дары жасалат делген мастерскойго сокку урду. Израил армиясынын билдиргенине караганда, бутага алынган имаратты "Хамас" уюмунун чагым жагуучу маалыматтарды таратуу менен алектенген басма сөз тобу да пайдаланып келген. Кабарларга караганда, авиачабуулдан кеминде эки адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG