Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Баткенде ичкелте илдети азайган жок


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 29-июнда алынган маалыматка караганда, ичкелтеге чалдыкканына шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны учурда 90 адамга жетти. Алардын 48и мындай илдетке кабылганы аныкталды. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү - Баткен районундагы Кызылбел айылынынын тургундары. Мындан сырткары Баткен шаарынын жана ага жакын айылдардын жашоочуларынын арасында да ичкелтеге бирден-экиден чалдыккандар бар. Алгач илдет ушул айдын башында Кызылбел айылынан чыгып, аз эле күндө жайылып кеткен. Мындай жугуштуу илдет Баткен районунда акыркы 2-3 жылдан бери токтобой келет. Адистердин пикирине караганда, ага бул аймакта таза суунун таңсыктыгы себеп болууда. Ал эми облус борборунун жана анын айланасындагы айылдардын калкын таза суу менен камсыздоо маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG