Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Медакадемия ректор шайлайт


БИШКЕК. Эртең Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында ректорду шайлоо болот. Бул орун үчүн 10 талапкер ат салышуусу күтүлүүдө. Тизменин башында ректордун милдетин аткарып жаткан Догдурбек Адамбеков, мурдагы ректор, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Искендер Акылбеков бар. Калган талапкерлердин катарында ушул эле академиянын бир кафедра башчысы, эки проректор, проректордун орун басары, академиянын структурасындагы эки институттун жана бир борбордун директору, бир декан бар. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Искендер Акылбеков 23-июнда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын ХХ сессиясында окуу жайды башкаруудагы жагдай боюнча билдирүү жасап, ректордук шайлоого катышууга мүмкүндүк берилбей жатканын белгилеген. Акылбеков кызматынан былтыр жыл аягында алынган.

XS
SM
MD
LG