Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:05

Евразиядагы негизги банктардын жетекчилери Бишкекте жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Евразия Экономикалык жамаатына мүчө мамлекеттердин Улуттук банктарынын башчылар кеңешинин 10-отуруму Бишкекте өттү. Ага Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан, Кыргызстандын башкы банкирлери, мамлекеттер аралык банктын, ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетинин өкүлдөрү катышты.

Отурумда мүчө-мамлекеттердин борбордук банктарынын иш жүргүзүү принциптери, векселдик жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды. Ошондой эле бул отурумда каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын өздөштүрүү багытында пикир алмашуулар болду.
ЕврАзЭСтин башкы банкирлеринин кеңеши 2001-жылдын февралында түзүлгөн.
XS
SM
MD
LG