Алардын машинасы жол четиндеги көбөөлгө көмүлгөн бомбага кабылып, дагы эки жоокер жарадар болду. Ушул эле күнү түркиялык үч киши барымтадан бошотулду. Аларды иордандык террорчу Абу Мусаб аз-Заркавинин адамдары кармап турушкан эле. Террорчулар эгерде түркиялык фирмалар Иракта иштегенден баш тартпаса, туткундарды өлтүрө тургандыгын эскертишкен болчу. Бирок аларды бошотушкандыгын ырасмий Анкара да тастыктады.
Ал эми кечээ террорчулардын башка бир тобу туткунга алынган америкалык солдатты өлтүрүп салышканын кабарлашты.
Ал эми кечээ террорчулардын башка бир тобу туткунга алынган америкалык солдатты өлтүрүп салышканын кабарлашты.