Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Ооганстандагы бейпилдик контингенти көбөйтүлөт


Сентябрга белгиленген шайлоо алдында өлкөгө кошумча төрт миңдей аскер күчтөрү киргизилет жана коопсуздук контингентинин жалпы саны он миңге жеткирилет. Стамбулдагы саммитте ооган президенти Хамид Карзай эки жарым жыл мурда өткөөл өкмөт ишке киришкен биринчи күндөн тартып ушу кезге чейин калктын өкүлдөрү Кабул бийликтерине кайрылып, бардык провинцияларга эл аралык бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү суранып жатышкандыгын айтты. Эл коопсуздук контингентинен өлкөдөгү жагдайды жөнгө салып, аларды коргой турган күчтөрдү көрүп жатат, деп кошумчалады Карзай.

XS
SM
MD
LG