БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын билдиргенине караганда, эгер Судандын бийликтери өлкөнүн батышындагы Дарфур провинциясында гуманитардык кризисти жоюу үчүн чара көрбөсө, Коопсуздук Кеңеши ушундай кадамга барышы мүмкүн. Аннан Дарфурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн бүгүн Суданга барат. Ал эми кечээ Суданга АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келди. Пауэллдин айтымында, ал Судандын бийликтерин тезинен чара көрүүгө чакырмакчы.
Бул жерде араб куралдуу топторунун кара түстүү африкалыктарды куугунтуктоосуна, айрым маалыматтарга караганда, өкмөт колдоо көргөзүүдө жана Судандын бийликтери Дарфурга гуманитардык жардамдын келишине тоскоолдук кылып жатат. БУУнун эсебинде, быйыл Суданда ачарчылыктын жана оорунун айынан бир миллиондой адамдын өмүрү кыйылышы ыктымал.