Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Катардын соту бүгүн орусиялык эки атуулга карата өкүм чыгараары күтүлүүдө


Алар Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди өлтүрргөндүгү үчүн айыпталып жаткандар. Яндарбиевдин автоунаасы быйыл февраль айында Катардын борбору Доха шаарынан жардырылган. Ушундан соң Катар бийликтери жардырууну уюштурду деген шек менен эки орусиялыкты камаган болчу. Москва кийинчерээк кармалгандар чалгын кызматынын адамдары экенин моюнга алган, бирок Яндарбиевдин өлүмүнө алардын тиешеси жок экенин айтып келүүдө. Эгер сот күнөлүү деп тапса, айыпталып жаткандар өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Сот апрель айынан бери жабыш эшик артында жүрдү.

XS
SM
MD
LG