Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

274 адам кылмыш жоопкерчилигинен качып жүрөт


ТАЛАС. Мындай маалымат облустук кеңештин кезектеги сессиясы учурунда айтылды. Талас облусунун укук коргоо органдарынын эсеби боюнча, кылмыш жообунан качып жүргөндөрдүн ичинен 232 адам милициянын иликтөөсүндө, 11 адамды прокуратура органдарынын кызматкерлери колдон чыгарып жиберишкен. 25 адамды сот органдары айыпка тартар алдында баш коргоо чараларын өзгөртө коюп, изин таппай калышты. Алты адамды аскер прокуратурасы издеп таппай жатат.

Облустук депутаттардын айтымында, укук коргоо органдарынын кылмышка шектүү адамдарды минтип колдон чыгарып жиберүүсү эл ичинде терс маанай туудурууда. Издөөдө жүргөн адамдарын олуттуу бөлүгү жогорку кызмат адамдарынын жакындары, тааныштары, тууган-уруктары болуп жаткандыгы да калктын нааразычылыгын жаратууда дешет депутаттар.

XS
SM
MD
LG