Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Медицина академиясынын ректору шайланды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректорун шайлоо эки айлампада өтүп, анда ректордун милдетин аткарып келаткан Догдурбек Адамбеков жеңишке жетишти. Экинчи айлампада Адамбековго окуу-тарбия иштери боюнча проректор И.Кудайбергенова атаандаш болду. 10 талапкер катышып, алардын бешөө шайлоонун башталышында талапкердигин алып койду. Алардын катарында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Академиянын мурдагы ректору Искендер Акылбеков да бар. Депутат өз ысымын тизмеден шайлоого катышкан беш талапкердин бири, Академиянын эл аралык байланышты өнүктүрүү иштери боюнча проректору А.Айдаралиевдин кызыкчылыгы үчүн алып койду.

XS
SM
MD
LG