Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстанда «кызыл» паспортту пайдалануу мөөнөтү бүттү


БИШКЕК. 1-июлдан баштап Кыргызстандын аймагында советтик паспортторду пайдалануу мөөнөтү соңуна чыгат. Анын мындан ары пайдалануу-пайдаланбастыгы тууралуу азырынча өкмөт өз чечимин чыгара элек. Ички иштер министрлиги буга чейин «кызыл» паспортту пайдаланууга уруксат берүү сунушу менен дагы белгилүү мөөнөткө узартуу тууралуу сунуш менен өкмөткө кайрылды. Бул жөнүндө бүгүн министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

1974-жылы пайдаланууга берилген советтик паспорттун мөөнөтү өткөн жылдын 1-июлунда аяктамак. Бирок кыргыз өкмөтү паспорттук бланктардын жетишсиздигин эске алып, бул негизги документти пайдаланууга уруксат берип келатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда «кызыл» паспортту жаңыга айырбаштай элек жарандардын саны 60 миң.

XS
SM
MD
LG