Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:19

Орукта эмгектенген атуулдарга жеңилдиктер берилди


БИШКЕК. Шаршемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны согуштун ардагерлери жана орукта эмгектенгендер жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, кошумча киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алды. Анын автору Адахан Мадумаровдун айтымында, аталган мыйзам күчүнө киргенден тарта Улуу Ата мекендик согуш учурунда орукта эмгектенген атуулдарга согуш ардагерлери кандай социалдык жеңилдиктерге ээ болсо, ошондой жеңилдиктер берилет. Ушул эле күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны социалдык маселер боюнча бир нече мыйзамдарды талкуусу жок кабыл алды. Андан соң Мыйзам чыгаруу жыйыны 1-июлдан 1-сентябрга чейин жайкы эс алууга таркады.
XS
SM
MD
LG