Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Кыргызстан «Центерре голд инк» компаниясындагы акциясынын бир бөлүгүн сатты


БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн кен казуучу тармактын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындыкты камсыздоо маселесин талдаган семинарда премьер-министр Николай Танаев билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бул соодалашуудан Улуттук банктын эсебине 85 миллион доллар түштү. Каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, «Центерре голд инк» компаниясында Кыргызстандын 18,8 миллион жөнөкөй акциясы бар болчу (бир жөнөкөй акциянын баасы 15,5 Канада доллары). Анын 7,5 миллион акциясын өкмөт 116 миллион Канада долларына сатты. Бул каражаттын 5%и ар кандай чыгымдарга жумшалды.

Ушул эле семинарга катышкан депутат Орозбек Дүйшеев Кумтөрдү Жогорку Кеңештин макулдугусуз реструктуризациялоо аркылуу мамлекет 250 миллион АКШ долларына тете акчаны уттуруп, жоготту деп билдирди. Депутаттын айтымында, кыргыз өкмөтү Канаданын «Камеко» компаниясы менен жашыруун макулдашуу түзүп, мурдагы Башкы макулдашуу күчүн жоготкон. Натыйжада Кыргызстан алтын запасынын 70%нан ажырап отурат.

Кыргыз өкмөтү менен "Комеко" "Кумтөр алтын" компаниясынын ордуна «Центерре голд инк.» компаниясын түзүү боюнча инвестициялык макулдашууга өткөн жылдын декабрында кол койгон. Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн бул токтомун жокко чыгаруу тууралуу өткөн аптада өз токтомун кабыл алган.

XS
SM
MD
LG