Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Улуттар уюмунун баш катчысы Суданга келди


ХАРТУМ. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Дарфур чөлкөмүндөгү гумантардык абалды талкуулоо үчүн Суданга келди. Өлкөнүн батышында жайгашкан Дарфурдагы абалды баш катчы өз көзү менен көрүп чыкмакчы. Маалыматтар боюнча, ал чөлкөмдө араб согушкерлери жергиликтүү өңү кара африкалыктарды кысмактап жатышат. БУУнун баш катчысы эгерде Судандын өкмөтү кризисти жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө, Коопсуздук кеңеши Суданга каршы санкция киргизе турганын билдирди. Чаддын расмий маалыматтарына караганда, анын аймагында азыр 120 миңден ашуун судандык качкын башпааналоодо.

XS
SM
MD
LG