Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Саддамдын үстүнөн сот ачык өтөт


ЛОНДОН. Ирактын жаңы коопсуздук кеңешчиси Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Саддам Хусейндин соту эркин жана адилет боло турганын, сот процессинин жүрүшү теле менен радиодон түз алып обого чагырылаарын билдирди. Муфак Рубаи ошондой эле Ирактын трибуналы өлүм жазасына кесүүгө укуктуу боло тургандыгын айтты. Ошону менен катар эле кеңешчи сот процессин саясий оюнга айландырууга Саддам Хусейнге жол берилбей тургандыгын белгиледи.

Ал эми Саддамдын коргоочуларынын бири- иорданиялык адвокат Мухамед Рашдан Саддамдын сотту мыйзамсыз болот деп эсептейт:

- Бул согуш мыйзамсыз болгон, ошон үчүн эл аралык мыйзамдарга ылайык согушка байланыштуу нерселердин баары мыйзамсыз, соттун өзү, ишти кароо үчүн түзүлгөн соттор тобу да мыйзамсыз.

Бүгүн Ирактын өкмөтүнө өткөрүлүп берилген Саддам Хусейн биринчи жолу соттун алдына чыгарылды.

XS
SM
MD
LG