Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Үй-жайы өрттөнгөн тургундар шаар бийлигине кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Үй-жайы өткөн жылы өрттөнгөн атуулдар шаар бийлигине жана укук коргоочуларга кайрылуу жолдошту. Катта бир жылдан бери көрүнгөн жерде жашаган 17 үй-бүлөнүн 60тай мүчөсүнүн турак-жай курууга чамасы жоктугу айтылган.
Шаар башчыларынан тартып облус, өкмөт, Жогорку Кеңеш, президенттик администрацияга чейин кайрылуусунан натыйжа чыгара албаган жабырлануучулар бул ирет узак мөнөттүү жеңилдетилген карыз акча алууга көмөктөшүү жана укуктарын коргоо талаптарын коюшту. Талаптары орундалбаса 5-июлдан тарта ачкачылык, пикет өңдүү саясий иш чара башташаарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG