Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

«Камкордун» кардарлары каражатын кайра алаары күмөн


БИШКЕК. Лицензиясынан ажыраган «Камкор» камсыздандыруу компаниясынын кардарлары менен бүгүн каржы министри Болот Абилдаев, анын биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев жолугушту. Анда «Камкор» компаниясы кудуретсиз деп жарыялангандыгы жана кардарлардын каражатын кайтарып берүүгө али негиз жок экендиги айтылды. Андан тышкары эгер «Камкордун» акционерлери менен анын башкы кеңсеси болгон Орусиядагы РОСНО компаниясы каражат тапса, кардарлардын акчасы кайтарылышы мүмкүн экендиги жана азыр атайын администратор компанияга тиешелүү мүлк менен каражатты каттоого алып жаткандыгы кабарланды.

«Камкор» камсыздандыруу компаниясы ушул жылдын май айында кудуретсиз деп жарыяланып, каржы министрлиги анын лицензиясын кайтарып алган.

XS
SM
MD
LG