БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан Ооганстандык студенттер окутулат. Бул маселе бүгүн президент Аскар Акаев менен эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештин президенти Дэвид Дэвидсондун жолугушуусу учурунда талкууланды. Анда президент Акаев АКСЕЛСтин Ооганстандык студенттерди Кыргызстанда окутуу долбоору региондогу кызматташуу үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ал эми Дэвид Дэвидсон Кыргызстанда билим берүү деңгээли жогору болгондуктан Ооганстандык студенттерди окутууга тандалып алынгандыгын билдирди.
Жолугушууда кыргыз президенти андан тышкары, тест сынагына ыраазы болуп, анын калыс өткөрүлгөнү билимдүү студенттердин тандалышына жол ачаарын билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан студенттердин жетишүүсү 15 процентке жогорулады жана бул тест сынагынын жакшы натыйжасы. «Ушундан улам эмдиги жылы мамлекеттин эсебинен окутула турган студенттердин санын көбөйтүүгө болот»,-деди президент. Мындай маалымат мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан алынды.