Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

ММКны колдоочу укуктук институт ачылды


БИШКЕК. Кыргызстанда массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө укуктук жактан көмөк көрсөтө турган атайын институт түзүлдү. «Медиа өкүлүнүн институту» деп аталган уюм Европа комиссиясынын көмөгү менен ачылып, юрист Шамарал Майчиев анын жетекчиси болуп шайланды.

Майчиевдин маалыматына караганда, институт «Интерньюс» эл аралык уюмунун долбоорунун негизинде пайда болду. Ал «Интерньюс-Кыргызстан» коммерциялык эмес уюмунун алкагында иштеп, массалык маалымат каражаттарына бир жыл бою укуктук жактан акысыз жардам көрсөтөт. «Эгер институт бир жыл ичинде массалык маалымат каражаттарынын укуктук жактан муктаждыгын канааттандыра алса, анда бир жылдан кийин журналисттерге акы алып кызмат көрсөтө баштайт»,- деп билдирди Шамарал Майчиев.

XS
SM
MD
LG