БИШКЕК. Борбор Азиядагы төрт мамлекеттин ортосунда адамдын иммундук таңсыктыгы жана СПИД дартына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс, Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлигинин өкүлү Жейсон Лейн жана саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилекбек Мейманалиев билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, меморандумдун негизинде ВИЧ-СПИД дартына каршы региондо биргелешип күрөшүү аракети көрүлүп, ишти жөнгө салып туруу үчүн Алматы шаарында регионалдык кеңсе ачылат. Программаны ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 20 миллион доллар, Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлиги 5 миллион доллар грант бөлөт. Андан тышкары Жапониянын грантынан 900 миң доллар берилет. Беш жылда ишке ашырыла турган бул долбоор 1-августта башталат.
Кыргызстанда адамдын иммундук таңсыктык инфекциясын жугузуп алган 550 киши катталган. Анын 27си СПИД дартына чалдыкканы аныкталып, 16сы ушул оорудан көз жумган.