Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Газдын акчасын төлөбөй аткан ишканалар көп


БИШКЕК. 1-июлга карата өлкөдөгү ишканалардын «Кыргызгаз» акционердик коомуна карызы 113 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты "Кыргызгаздын" басма сөз кызматы таратты. Эң көп бересе «Айнек» акционердик коомунуку. Кудуретсиз деп таанылган бул ишкананын жалпы карызы азыр 75 миллион сомду түзөт. Андан кийинки орунда 21 миллион сомго жакын бересеси бар «Майлуусуу электр лампа» заводу турат. «Кыргызгаз» бул заводдун карызын өндүрүп алуу үчүн Жалалабад облустук сотко арыз жолдоп, карыздан тышкары 4 миллион сомдук үстөк пул төлөп берүүсүн талап кылды.

Булардан тышкары газ үчүн Токмок шаарындагы «Интергласс» заводу 3 миллион сом, керамикалык материалдарды чыгаруучу завод 6,5 миллион, Кадамжайдагы сурьма комбинаты 5 миллион сомдон ашык карыз.

XS
SM
MD
LG