Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:09

Кассини космостук кемеси Сатурндун орбитасына кирди


ВАШИНГТОН. АКШнын НАСА Космостук агенттигинин маалыматына караганда, Кассини космостук кемеси Сатурндун орбитасына кирди. Мындан алты жыл мурда учурулган зонд бул аралыкта үч жарым миллиард километрди басты. Кеменин максаты Сатурн планетасын жана анын 30дан ашык жаңдоочусун изилдөө. Америка менен Европанын биргелешкен изилдөө долбоорунун башчысы Чарлз Элачи буларды билдирди:

- Бул АКШ менен Европанын бүткүл адамзаттын атынан жасап жаткан үлкөн изилдөө ишиндеги кичинекей кадам. Ошону менен катар эле бул Сатурнду изилдөөдө жасалган чоң жетишкендик. Ал илимге арналган 22-жылдык талбаган эмгектин артында гана мүмкүн болду,- деди өкүл.

Сатурндун тартылуу күчүнүн аймагына кирген кеме төрт жыл бою анын жаңдоочуларын жана планетанын өзүн иликтейт.

XS
SM
MD
LG