Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кызыл чырым Өзбекстандын чегараларды минадан тазалоо ниетин кубаттады


ТАШКЕН. Эл аралык Кызыл чырым уюму Өзбек өкмөтүнүн Кыргызстан менен Тажикстанга танапташ чегарасын минадан тазалоо чечимин кубаттоо менен кабыл алды. Өткөн айда расмий Ташкен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн коопсуздук жаатындагы кызматташуусуна ыңтайлуу шарт түзүү үчүн чегара тилкелерин миналардан тазалашы мүмкүн экенин билдирген.

Өзбекстан чыгыш ыптасындагы чегараларын 1999-2000-жылдарда өлкөгө "диний экстремисттер" делинген куралдуу топтор кирип келет делгенде миналап салган. Миналардан адам жана мал-жан чыгашасы көбөйүп бараткандыгына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстан бул маселени нечен жолу көтөрүшкөн. Кызыл чырым уюму миналарга тыйуу салуу конвенциясына Өзбекстандын кошулуусуна юридикалык жардам көрсөткөнгө даяр экенин билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG